Бишкек, 6.07.26. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылында “Тескей Ысык-Көл” инвестициялык форуму өтүп, түштүк жээкти 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык концепциясы сунушталды. Бул тууралуу форумдун уюштуруучулары билдирет.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери, жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлор, бизнес коомчулугу, эксперттер, ошондой эле Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун тургундары катышты.
Концепцияда экологиялык туруктуулук, инновацияларды киргизүү, калктын жашоо сапатын жогорулатуу жана туризм тармагын өнүктүрүү негизги артыкчылыктуу багыттар катары белгиленген.
Ошондой эле инфраструктураны жаңылоо жана беш кластерди түзүү сунушталды. Алардын катарына экотуризм, маданий туризм, спорттук туризм, ден соолукту чыңдоо жана рекреация, ошондой эле агротуризм жана гастрономиялык туризм кластерлери кирет. Бул багыттардын алкагында геопарк түзүү, экологиялык стандарттарды киргизүү, олимпиадалык даярдык борборун куруу, термалдык булактардын базасында заманбап курортторду өнүктүрүү, органикалык айыл чарбасын жана фермердик конок үйлөрүнүн тармагын кеңейтүү сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу мерчемделүүдө.
Мындан тышкары, форумдун катышуучулары министрлер кабинетине концепцияны ишке ашырууну координациялоо үчүн “Тескей Ысык-Көлдү өнүктүрүү” дирекциясын жана Координациялык кеңеш түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунушташты.