Кыргызстан дүйнөлүк тоо күн тартибин калыптандыруучу борборго айланат

Министрлер кабинети 2517 01 Июль 2026 17:45
6a44f17f28f46.jpg
6a44f17fea687.jpg
6a44f17f2a32f.jpg
6a44f17ea4325.jpg
6a44f17ea16d4.jpg
6a44f17f934ec.jpg
6a44f17e3a425.jpg
6a44f17e392e5.jpg
6a44f17dc8a58.jpg
6a44f17dc8e56.jpg
6a44f17d6c504.jpg
6a44f17d6e831.jpg
6a44f17d22318.jpg
6a44f17d22324.jpg
Алдыга
Артка
6a44f17f28f46.jpg
6a44f17fea687.jpg
6a44f17f2a32f.jpg
6a44f17ea4325.jpg
6a44f17ea16d4.jpg
6a44f17f934ec.jpg
6a44f17e3a425.jpg
6a44f17e392e5.jpg
6a44f17dc8a58.jpg
6a44f17dc8e56.jpg
6a44f17d6c504.jpg
6a44f17d6e831.jpg
6a44f17d22318.jpg
6a44f17d22324.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында 2026-жылдын 21-23-октябрь күндөрү борбор калаада өтө турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитин өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин биринчи отуруму өттү.

Жыйынды ачып жатып, минкаб төрагасы алдыдагы форумдун Кыргызстан үчүн стратегиялык маанисин белгиледи.

Анын айтымында, иш-чара эң жогорку деңгээлде уюштурулушу керек, анткени бул дүйнөлүк тоо күн тартибин калыптандыруу жана тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу.

"Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммити Кыргызстандын демилгеси менен өтүп жаткан дүйнөлүк маанидеги ири эл аралык иш-чара. Биздин максатыбыз өлкөнүн уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү гана эмес, Кыргызстандын глобалдык масштабда демилгелерди алдыга жылдырууга жана колдоо көрсөтүүгө жөндөмдүү мамлекет катары статусун дагы бир ирет ырастоо болуп саналат", - деди Адылбек Касымалиев.

Жыйындын жүрүшүндө Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү даярдыктын жүрүшүн деталдуу карап чыгып, саммитти уюштуруунун практикалык этабына өтүү үчүн зарыл болгон бир катар чечимдерди кабыл алды. Минкаб төрагасы иш-чарага чейин аз убакыт калганын жана ар күнү тынымсыз иш алып барууну талап кыларын белгиледи.

Адылбек Касымалиев Уюштуруу комитетине кирген мамлекеттик органдардын жетекчилери өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартаарын өзгөчө белгиледи. Өкмөт башчысы даярдык көрүү графигин так сактоону талап кылып, мындай деңгээлдеги форумду уюштуруу өлкөнүн эл аралык аброюна жана улуттук кызыкчылыктарды дүйнөлүк аренада алга жылдыруунун ийгилигине түздөн-түз таасир этерин белгиледи.