Бишкек, 04.07.26. /Кабар/. «Кыргызстан аэропорттору» ААК эл аралык маршруттук түйүндү кеңейтүү жана дүйнөдөгү алдынкы авиакомпанияларды кызматташууга тартуу боюнча иштерин улантууда. Бул багыттагы иш-чаралардын алкагында Кытай Эл Республикасынын эң ири авиакомпанияларынын бири — China Eastern Airlines компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Шанхай – Бишкек – Шанхай маршруту боюнча түз аба байланышын ачуу маселесин талкуулашты.
Жаңы каттамдын ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы транспорттук байланышты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, туристтердин агымын көбөйтүүгө, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө, өз ара соода жүгүртүүнү өстүрүүгө жана эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түзөт.
«Кыргызстан аэропорттору» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов белгилегендей, бул маршруттун ачылышы Кыргызстандын эл аралык авиациялык тармакка интеграцияланышын камсыз кылууга багытталган кеңири стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат.
«Биз Кытайдын эң ири авиакомпанияларынын бири — China Eastern Airlines компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Анда Шанхай – Бишкек – Шанхай маршруту боюнча түз аба байланышын ишке киргизүү маселеси талкууланды. Бул — биздин Кыргызстанды дүйнөгө ачуу, жарандарыбыз үчүн саякаттоого, бизнес жүргүзүүгө жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында ырааттуу ишке ашырып жаткан долбоорубуз», — деди Манасбек Самидинович.