Садыр Жапаров Венесуэла жетекчилигине жана элине көңүл айтты

Президент Загрузка... 26 Июнь 2026 20:35
IMG_1031.png
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров көп сандаган адам курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген жер титирөөгө байланыштуу Венесуэла Боливар Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Делси Родригеске көңүл айтты.

“Венесуэлада болгон күчтүү жер титирөөлөрдүн кесепетинен адамдар каза болуп, жаракат алды жана ири кыйроолор болду” деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына, ошондой эле Венесуэла элине аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам. Жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”, - деп айтылат президент Садыр Жапаровдун телеграммасында.