Ысык-Көлдүн түбүнөн бир күндө 700 кг таштанды чыгарылды

Коом 8 сентябрь 2026 17:30
798984859_122321241224220298_4174440759373670930_n.jpg
798825843_122321241272220298_2969847126429105113_n.jpg
799202556_122321241524220298_6561810407507642168_n.jpg
Алдыга
Артка
798984859_122321241224220298_4174440759373670930_n.jpg
798825843_122321241272220298_2969847126429105113_n.jpg
799202556_122321241524220298_6561810407507642168_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суучулдар кызматы

Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматы Чолпон-Ата шаарындагы муниципалдык пляжда көл түбүн тазалоо иштерин жүргүздү.

Мекемеден билдиришкендей, тазалоо учурунда суучулдар көлдүн түбүнөн ар кандай таштандыларды чыгарып, жалпысынан 700 кг таштанды тазаланган.

"Иш-чара Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, суу алдындагы аймактарды тазалоо жана эс алуучулар үчүн коопсуз шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Суучулдар кызматы тарабынан көлдүн акваториясында тазалыкты сактоо жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштер мындан ары да улантылат.