Ысык-Көлдүн түбүнөн 300 кг таштанды чыгарылды

Аймак
copyright icon Суучулдар кызматы

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Ысык-Көлдү мыйзамсыз салынган торлордон жана таштандылардан тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Суучулдар кызматынан билдиришти.

"Бүгүн Тоң районундагы Кекилик муниципалдык эс алуу жайынын жээгинде суу алдындагы тазалоо иштери жүргүзүлүп, көлдүн түбүнөн 250-300 килограмм таштанды чыгарылды",-деп айтылат маалыматта.