Жылуулук, жол жана тартип: Ошто 9 айдын жыйынтыгы чыгарылды

Аймак
863183914_2208018693079064_2627096127900410777_n.jpg
867810048_1423036566655824_4807351001600516213_n.jpg
Алдыга
Артка
863183914_2208018693079064_2627096127900410777_n.jpg
867810048_1423036566655824_4807351001600516213_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаардык мэриясында 2026-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйын өттү.

Мэриядан билдиришкендей, жыйынга мэр Жанарбек Акаев жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында 9 айдын жыйынтыгы, күзгү-кышкы мезгилге даярдык, жол жана капиталдык курулуш иштери, муниципалдык мүлк, мамлекеттик тил саясаты жана аткаруу тартиби каралды.

Алар:

  • Ош шаарынын 2026-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2026-жылдын IV чейрегине карата милдеттер;
  • Шаардын экономика тармактарын жана калкын 2026–2027-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо иштеринин жыйынтыгы;
  • Ош шаарындагы жол жана капиталдык курулуш тармагында аткарылып жаткан иштердин абалы;
  • Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын ишмердүүлүгү;
  • Шаарда мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруунун жүрүшү;
  • Мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардагы аткаруучулук тартиптин, кадрдык иштердин жана калк менен иштешүүнүн абалы.
"Талкуунун жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге жылуулук берүүнү тездетүү, жол курулушун сапаттуу бүтүрүү, муниципалдык мүлктү натыйжалуу башкаруу жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди",-деп айтылат маалыматта.