Чолпон-Атанын тарыхы жана келечеги илимий чөйрөдө талкууланды

Аймак
WhatsApp Image 2026-10-30 at 11.26.06.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 10.03.40.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-30 at 11.26.06.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 10.03.40.jpeg
Алдыга
Артка

Кубаныч Жолдошев

Бардык материалдар

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарынын шаар макамын алгандыгынын 50 жылдык мааракесине карата "Чолпон-Ата — дүйнө тааныган шаар" аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чара Чолпон-Атанын жарым кылымдык тарыхый жолун, анын өнүгүү багыттарын, маданиятын жана аймактын белгилүү инсандарын илимий негизде изилдөө максатында уюштурулду.

Конференцияга Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы Элдияр Молдобеков модераторлук кылып, шаар мэри Рустам Кадыркулов ачып, сөз сүйлөдү.

Ошондой эле Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана белгилүү окумуштуулар катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Илимий-практикалык конференцияда "Чолпон-Ата жергесинин ыйык тарыхы", "Ысык-Көл илимдин мурасы: өрөөндөн чыккан илимпоздор", "Ысык-Көлдү саркынды суулардан тазалоо жолдору", "Жылкы заводунан курорттук агломерацияга чейин", "Экологиялык туризм концепциясы" жана " Жер-суу аталыштарынын мистикалык белгилери" деген сыяктуу бир катар илимий баяндамалар жасалды.

Конференциянын алкагында пленардык жыйын жана илимий баяндамалар бөлүмү уюштурулуп, анда төмөнкүдөй негизги темалар козголду:

Тарых жана белгилүү инсандар: Чолпон-Ата жергесинин ыйык тарыхы, аймактан чыккан агартуучулар, белгилүү инсандар (анын ичинде Ибраим Токсобаев, Касым Тыныстанов ж.б.) жана шаардын тарыхый-маданий мурастары тууралуу терең талдоолор жасалды.

Тил жана топонимика: Ысык-Көл аймагынын жер-суу аталыштарынын (топонимдеринин) географиялык өзгөчөлүктөрү, лингвистикалык-этимологиялык мааниси жана "Чолпон" космониминин семантикалык өзгөчөлүктөрү илимий негизде талкууланды.

Экология жана туризм: Ысык-Көл чөлкөмүнүн суу ресурстарын тазалоо жолдору, ичүүчү суунун сапатынын калктын ден соолугуна тийгизген таасири жана экологиялык туризмдин заманбап концепциялары каралды.

Социалдык-экономикалык өнүгүү: Шаардын өзгөчөлүгү, тарыхый-маданий өзгөчөлүктөрү жана Чолпон-Атанын курорттук агломерация катары өнүгүү келечеги талкууга алынды.

Иш-чаранын соңунда конференциянын катышуучулары тарабынан атайын резолюция кабыл алынып, шаардын мэри Рустам Кадыркулов тарабынан активдүү катышуучуларга жана окумуштууларга сертификаттар тапшырылды. Бул илимий жыйын Чолпон-Ата шаарынын тарыхын архивдик жана ооз эки маалыматтардын негизинде байытууга, ошондой эле аймактын келечектеги туристтик жана экологиялык потенциалын туура багыттоого чоң өбөлгө түзөт.