Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Түп районунда 30 жылдан бери пайдаланылбай келген 12 миң 5 гектар жайытты кайрадан айланууга киргизүү пландалууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн 2027-жылдан баштап 97 жайыт пайдалануучуну Сары-Жаз жайлоосуна чыгаруу каралган.
Бул багытта Сары-Жаз жайлоосуна баруучу 50-60 чакырым жол оңдолуп, эки көпүрө курулду. Алдыда дагы ички жолдорду оңдоо жана 20дан ашык көпүрө куруу пландалууда. Ал эми Сары-Булуң жана Ынтымак айылдарынын жанындагы кунарсыз жайыттарга чөп үрөндөрү себилди.
Маалымат үчүн: Республикада 10 млн гектарга жакын жайыт бар болсо, анын 180 миң гектары деградацияга учураган.