Таласта кесиптик жарманке өттү: 198 бош орун сунушталды

Аймак
Таласта кесиптик жарманке өттү: 198 бош орун сунушталды
copyright icon WWW

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Талас шаарында 29-октябрда бош жумуш орундары жана кесиптер жарманкеси өтүп, жарандарга 198 вакансия сунушталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, анын ичинен 151 бош жумуш орду Талас шаарына, 47си Талас районуна туура келет. Жарманкени шаар мэриясы жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы уюштурду.

Иш-чарада мамлекеттик кызматка кабыл алуу, ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү жана ишкердик тажрыйба тууралуу маалыматтар берилип, мотивациялык жолугушуулар өткөрүлдү.