Ысык-Көлдүн экологиясы: Негизги коркунучтар жана артыкчылыктуу милдеттер айтылды

Коом Загрузка... 29 Май 2026 12:30
issyk-kul_1.ma.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Ысык-Көлдүн экологиясын сактап калуу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды. Бул тууралуу ал "Ысык-Көлдүн акваториясын сактоо боюнча улуттук саясат" аттуу тегерек столдо сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, дүйнөдөгү эң ири тоо көлдөрүнүн бири болгон Ысык-Көл Кыргызстандын бермети жана өлкөнүн башкы улуттук байлыгы болуп саналат. Анын экосистемасы кайталангыс, уникалдуу жана орду толгус. Көл жыл сайын 2 миллиондон ашык туристти кабыл алат. Бирок муну менен бирге жылдан-жылга биосфералык аймакка туристтик жана чарбалык күч келүүдө. Бул олуттуу коркунучтарды жаратып жаткандыктан, эч качан көңүл сыртында калбашы керек.

96702042-92f9-_pw6yWj7.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
"Бүгүнкү иш-чара кокусунан уюштурулган жок. Биз бул жерге президенттин "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруу, ошондой эле бүгүнкү күндүн эң актуалдуу жана артыкчылыктуу маселелерин биргелешип талкуулоо үчүн чогулдук. Жарлыкты ишке ашыруу максатында бир нече мыйзамдар, министрлер кабинетинин токтомдору жана атайын иш-чаралардын пландары кабыл алынган", - деди Токтобаев.

Ал кошумчалагандай, Жаратылыш министрлигине башкы жаратылышты коргоо органы катары бул кечиктирилгис чараларды жана мыйзам талаптарынын аткарылышын координациялоо жана көзөмөлдөө боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлгөн.

"Учурда алдыбызда абдан көп курч маселелер турат. Бул көлдүн суусунун деңгээлинин төмөндөшү, суунун булганышы, биоартүрдүүлүктүн азайышы, ошондой эле бүткүл дүйнөдө байкалып жаткан климаттын өзгөрүшү жана мөңгүлөрдүн эриши. Бул глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир гана мамлекеттик органдардын аракети жетишсиз", - деди ал.

Министр бул багытта көп тараптуу мамиле, илимий-академиялык чөйрөнүн, эл аралык эксперттердин жана адистердин тыгыз кызматташтыгы өтө зарыл экенин баса белгиледи. Анын айтымында, эгер баары бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып чогуу иштешсе, коюлган максаттарга жетүүгө болот.

Токтобаев министрлик пластик калдыктары менен күрөшүү боюнча глобалдык демилгени жигердүү колдой турганын ортого салды.

Анын айтымында, Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин айрым түрлөрүн жана полимердик пакеттерди колдонууга мыйзам деңгээлинде чектөө киргизген. Бул реформанын пилоттук аймагы катары Ысык-Көл облусу тандалып алынгандыктан, министрлик туруктуу негизде полимердик пакеттерди жүгүртүүдөн чыгаруу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын баса белгиледи.

WhatsApp_Image_pFLrNnE.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Ошондой эле Акыл Токтобаев Ысык-Көлдө экологиялык акцияларды өткөрүү жакшы салтка айланганын маалымдады. Ал кечээ эле акциянын катышуучулары көлдүн жээгин көрүп чыгышканын, түбүн таштандылардан тазалап, экологиялык лабораторияда андан ары изилдөө жүргүзүү үчүн суунун үлгүлөрүн алышканын айтып берди.

"Мындан сырткары, биз эң көйгөйлүү деп эсептелген пансионаттардагы жана эс алуу зоналарындагы сандыктык саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын абалы менен жеринде таанышып, алардын маселелерин уктук. Мунун баарын бүгүн сиздер менен бирге ачык талкуулап, реалдуу чечимдерди кабыл алышыбыз керек", - деди ал.

Сөзүнүн аягында министр Ысык-Көлдү сактап калуу — келечек муундардын алдындагы ыйык милдет экенин дагы бир ирет баса белгиледи. Ал стратегиялык мааниге ээ болгон бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары коюлган милдеттерди сапаттуу иштеп чыгып, конкреттүү натыйжаларга жетишерине ишеним билдирди.