Ысык-Көлдүн экологиясы: Былтыр 30 миң метрден ашык тор чыгарылды

Экология Загрузка... 09 Апрель 2026 13:55
WhatsApp_Image_2026-04-08_at_17.47.18.width-800.jpg

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө синтетикалык балык уулоочу торлорду мыйзамсыз пайдаланууга каршы күрөшүүнүн алкагында былтыр 30 миң метрден ашык синтетикалык тор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы бул багыттагы иштер кыйла күчөтүлдү. Жалпы 99 рейд жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 335 миң сом суммасында 63 айып пул салынды.

Мындан тышкары, 3 млн 38 миң сом суммасында 123 доо арыз берилди. Жалпы узундугу 30 миң 600 метрди түзгөн 306 синтетикалык тор алынган.

Ал эми 2024-жылы 57 рейд жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 38 айып пул салынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы узундугу 28 миң 800 метрди түзгөн 288 даана синтетикалык тор алынган.

Министрликтен белгилешкендей, “Полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана пластикалык буюмдардын жүгүртүлүшүн чектөө” мыйзамына ылайык, Ысык-Көл облусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ишкерлерге 950 эскертүү берилген.