Бишкек, 11.04.26. /Кабар/. Ысык-Көлдү эски торлордон жана таштандылардан тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-апрелде министрликтин кызматкерлери көлдөн жалпы узундугу 1200 метрге жеткен эски тортолорду алып чыгышты.
Мекемеден белгилешкендей, былтыр жалпы узундугу 30 миң 600 метрди түзгөн 306 синтетикалык тор алынган.
Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын коргоого ар бир кыргызстандык салым кошуп, браконьерликке жана мыйзамсыз балык уулоого каршы турушу зарыл. Жаратылышты коргоо жана ага аяр мамиле кылуу ар бир жарандын милдети.