Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү унаа жолдордун курулушун өз убагында бүткөрүү тапшырылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти.
Бүгүн министр Талантбек Солтобаев облустагы эл аралык жана ички маанидеги унаа жолдорунун курулуш, реконструкциялоо жана оңдоп-түзөө иштеринин сапаты менен жеринен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө министр жолдордун учурдагы абалына комплекстүү мониторинг жүргүзүп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тийиштүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди.
Министр туристтик сезондун башталышы менен жолдордогу кыймылдын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу башкы милдет экенин белгиледи.