Чолпон-Ата, 26.06.25. /Кабар/. Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Ысык-Көл шайлоо форумунда жаштардын шайлоого болгон ишениминин өсүшү байкалып жатканын белгиледи.
Анын айтымында, акыркы жылдары Россияда жаштар шайлоого жигердүү катышып гана тим болбостон, шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн жаңыча, заманбап ыкмаларын сунуштай башташкан. Бул өзгөчө көрүнүш шайлоо процессинин өнүгүшүнө жаңы дем берип, ачык-айкындуулукту жана элдин ишенимин арттырууга өбөлгө болууда.
“Россияда жаштар тарабынан уюштурулган атайын шайлоо комиссиялары түзүлгөн. Алар ар кандай темада шайлоолорду уюштуруп, өз алдынча добуш берүү процессин өткөрүп келишет. Мисалы, студенттик кеңештерге, жаштар лидерлерине же шаардык демилгелерге байланыштуу шайлоолор. Бул демилгелердин жыйынтыгында коомдо жаштардын үнү угулуп, алардын чечим кабыл алууга болгон катышуусу жогорулады,” – деди Памфилова.
Ал кошумчалагандай, жаштар уюштурган шайлоолор жарандар арасында да кеңири колдоого ээ болууда. Мындай тажрыйбаны башка өлкөлөр да колдонсо болот. Анткени жаш муундун шайлоого аралашуусу – коомдук активдүүлүктүн, жарандык жоопкерчиликтин жана келечекке болгон ишенимдин белгиси.
“Мындай форматтагы шайлоолор жаштар үчүн мыкты платформа болуп эсептелет,” – деди ал.