Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 13:44тө Кытайдын аймагында жер титиреп, анын күчү очогунда күчү 6 баллга жеткен.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 4,5 балл, "Кумтөр" ишканасынын аймагында 4 баллга чейин сезилген.
Учурда Сейсмология институту тарабынан тактоо иштери жүрүп жатат.