Ысык-Көлдө түрк дооруна таандык белгисиз таш айкел табылды

Маданият 9 сентябрь 2026 18:20
00-00_AT.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
00-00-stela.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
10_zDOFUSh.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
20_1Ytx8HD.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
00-00_AT.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
00-00-stela.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
10_zDOFUSh.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
20_1Ytx8HD.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon "Улуу Алтай" алтаистика жана түркология боюнча илимий-билим берүү борбору

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун түштүк-чыгышындагы Жууку дарыясынын өрөөнүнөн түрк дооруна таандык мурда белгисиз таш айкел табылды. Бул тууралуу "Улуу Алтай" алтаистика жана түркология боюнча илимий-билим берүү борборунун маалымат борбору билдирди.

Табылга 22-29-августта Алтай мамлекеттик университети менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окумуштуулары катышкан эл аралык археологиялык экспедициянын жүрүшүндө аныкталган. Адистер түрк дооруна таандык тогуз тосмодон турган комплексти изилдеп жатып, анын жанынан белгисиз айкелди табышкан.

Окумуштуулар табылган айкелди заманбап санариптик технологиялардын жардамы менен фотограмметрия ыкмасы аркылуу документтештиришкен. Айкел азырынча табылган жеринде калтырылды.

Алтай мамлекеттик университетинин археология, этнография жана музей таануу кафедрасынын башчысы Алексей Тишкиндин айтымында, дагы бир түрк айкелинин табылышы жана аны заманбап ыкма менен каттоо экспедициянын маанилүү жыйынтыктарынын бири болду.

Ал эстеликти сактап калуу үчүн аны Оргочор айылындагы жакынкы музейге көчүрүү максатка ылайык экенин белгиледи. Себеби табылган айкелдин бузулуп же жоголуп кетүү коркунучу бар.

Экспедициянын жүрүшүндө алынган материалдар Кыргызстандагы түрк мурасын мындан ары изилдөөдө жана аймактагы археологиялык эстеликтерди салыштырма талдоодо колдонулат.