Ысык-Көлдө сүрөтчүлөрдүн эл аралык плэнери өттү

Маданият 30 Июль 2026 11:15
760609699_27927999453502201_2271025379862756885_n.jpg
759849599_1233274065547247_506174102037236450_n.jpg
758964598_892361336815744_7471993434469843953_n.jpg
759611181_3614483085356387_9159773149913389725_n.jpg
Алдыга
Артка
760609699_27927999453502201_2271025379862756885_n.jpg
759849599_1233274065547247_506174102037236450_n.jpg
758964598_892361336815744_7471993434469843953_n.jpg
759611181_3614483085356387_9159773149913389725_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 30.07.26 /Кабар/.Ысык-Көл облусунда сүрөтчүлөрдүн “Чыгыштын күнөстүү палитрасы” аталышындагы эл аралык көчмө пленэри өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул иш-чарага Россия, Беларусь, Грузия, Азербайжан, Өзбекстан, Армения, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын алдыңкы көркөм окуу жайларынын сүрөтчүлөрү, окутуучулары жана студенттери катышты.

Алар Ысык-Көлдүн кооз жаратылыш аймактарында жана тарыхый жайларында болуп, кыргыз элинин маданияты жана көчмөн цивилизациясы менен таанышты. Ошондой эле Кыргызстандын жаратылышын, тарыхый жайларын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн чагылдырган 400дөн сүрөт тартышты.

Пленэрдин программасына чыгармачылык иштерден тышкары лекциялар, көркөм окуу жайлардын презентациялары, чыгармачылык жолугушуулар жана кесиптик талкуулар кирди.