Ысык-Көлдө шамал агызып кеткен 4 жаран куткарылды

Кырсык Загрузка... 25 Август 2025 09:18
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө шамал агызып кеткен 4 жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы пансионаттарынын биринде желим кайык менен жүргөн 4 адамды шамал агызып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам түрдө 4 куткаруучу 1 моторлуу кайык менен барып, аларды аман-эсен куткарышкан.

Жарандардын абалдары туруктуу.