Ысык-Көлдө сел кесепети жоюлууда. Изделип жаткан жаран табыла элек

Аймак Загрузка... 07 Июнь 2026 12:20
715059934_1698716117947626_5711076882819297111_n.jpg
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 07.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн тазалоо жана калыбына келтирүү иштерине жалпы 200дөн ашык адам жана 50гө чукул атайын техника тартылды. ӨКМдин жана Жарандык коргонуу кызматтарынын техникаларынын жардамы менен сел калдыктары сыртка ташылып чыгарылууда.

Ошондой эле жеринде суучулдар дайынсыз жоголгон жаранды көлдүн ичинен издөө-куткаруу жумуштарын жүргүзүп жатышат.