Ысык-Көлдө мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк аныкталды

Укук тартиби 25 Август 2026 17:05
752538904_1017338541092532_6633924715138921751_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. 13-21-август аралыгында Ысык-Көлдө миграциялык мыйзамдардын талаптарын бузуу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган "Нелегал" рейддик иш-чарасы өткөрүлдү.

УКМКдан билдиришкендей, рейд Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлүп, анын жүрүшүндө миграциялык мыйзамдарды бузган 303 чет өлкөлүк жаран аныкталды.

"Аймакта чет өлкөлүк жумушчу күчү тартылган 31 объект текшерилип, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген 1 015 жарандын документтери каралды. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500 сом айып пул салынды. Учурда 8 чет өлкөлүк жаранды өлкөдөн чыгаруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

УКМК чет өлкөлүк жарандарды, иш берүүчүлөрдү жана кабыл алуучу тараптарды өлкөнүн миграциялык мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырды.