Ысык-Көлдө кол күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды

Спорт 08 Июнь 2026 18:10
718674865_18412116028196946_1961309698118934200_n.jpg
719189450_18412116016196946_9061765288623627988_n.jpg
717186080_18412115974196946_6301833913006481520_n.jpg
717496375_18412116004196946_6164325769772586804_n.jpg
717699713_18412115977196946_79730822968189669_n.jpg
717708617_18412116007196946_5615837230799278180_n.jpg
718098743_18412115989196946_6345589777182436699_n.jpg
719009620_18412115950196946_1972306429310571590_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Корумду курорттук айылында кол күрөш (армрестлинг) боюнча XXIV Азия чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча XXIII Азия чемпионаты старт алды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, чоңдор жана өспүрүмдөр арасындагы чемпионатка Азиянын 20 мамлекетинен келген спортчулар катышууда.

Салтанаттуу ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана Спорт агенттигинин директору Урмат Асанбаев катышты.

Асанбаев өз сөзүндө армрестлинг боюнча Азия чемпионатынын Кыргызстанда өтүп жатышы өлкө үчүн чоң сыймык экенин белгилеп, мелдеш спортчулардын мүмкүнчүлүгү чексиз экенин дагы бир жолу далилдей турган маанилүү аянтча болуп саналарын айтты.

Белгилей кетсек, мелдештер 14-июнга чейин уланат.