Ысык-Көлдө ири күн электр станциясы ишке кирди

Президент Загрузка... 14 Июнь 2026 16:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 14.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кызыл-Өрүк айылында кубаттуулугу 175 мегаватт-пик (МВтп) болгон “ROX Ысык-Көл” күн электр станциясынын биринчи фазасын ишке киргизүү аземине катышты.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу инвесторлор жана өнөктөштөр!

Кымбаттуу меймандар жана энергетика тармагынын адистери!

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, энергия булактарын диверсификациялоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелери өзгөчө актуалдуулукка ээ болуп турган маал. Мындай шартта энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуунун жана келечек муундар үчүн ажайып жаратылышыбызды сактоонун негизги факторлорунун бири болуп саналат.

Биз бүгүн Кыргызстандын энергетика тармагындагы маанилүү окуялардын бири – максималдуу кубаттуулугу 175 МВт болгон күн электр станциясын расмий ишке киргизүүнүн алдында турабыз.

Баарыңыздарды энергетика тармагындагы дагы бир жетишкендик менен чын дилимден куттуктаймын!

Урматтуу мекендештер!

Бүгүн ишке киргизилип жаткан долбоор – Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы достук мамиленин, өз ара ишенимдин жана ийгиликтүү инвестициялык кызматташтыктын айкын мисалы!

Эң алды долбоорду ишке ашырган вьетнамдык “ROX Group” компаниясына эки ооз сөз менен токтоло кетейин. Бул компания энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча, башкача айтканда жашыл энергетика жаатында олуттуу эл аралык тажрыйбага ээ. Компания Вьетнамда жана башка өлкөлөрдө күндөн жана шамалдан энергия алуу боюнча ири долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган компания катары таанымал. Албетте, мындай жагдай Кыргызстанга тартылып жаткан инвестициялардын сапатын жана долбоордун ишенимдүүлүгүн дагы бир жолу тастыктайт.

Аталган компаниянын биздин адистердин кесиптик квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруп жатканы алкоого арзыйт. Кыргызстандын жаш адистеринин заманбап технологияларды өздөштүрүп, алдынкы эл аралык тажрыйбаны үйрөнүүсү менен өлкөбүздүн кадрдык дарамети чыңдалат жана жаңы технологияларды ыкчам өздөштүрүүсүн шарттайт.

Кыргызстан Вьетнам менен түзүлгөн достук жана өнөктөштүк мамилелерди жогору баалайт. Бүгүнкү долбоор эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт деп ишенем.

Урматтуу замандаштар!

Соңку жылдары Кыргызстан жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын кеңири пайдаланууга өзгөчө маани берип келет. Өлкөбүз күн, суу жана шамал энергетикасы боюнча зор потенциалга ээ. Бүгүнкү долбоор – ошол мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланууга багытталган ири жана стратегиялык маанидеги демилгелердин бири.

Жалпы кубаттуулугу 1900 МВт болгон бул күн электр станциясын куруунун бардык этаптарын ишке ашырууга болжол менен дээрлик 1,5 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуу каралгандыгын белгилей кетейин.

Ал эми бүгүн биринчи этабы ишке киргизилип жаткан, кубаттуулугу 175 МВт күн электр станциясынын инвестициялык көлөмү 131 миллион АКШ долларын түзөт. Бүгүнкү күнгө карата анын 80 миллион доллардан ашуун каражаты өздөштүрүлгөн.
Биринчи этаптагы долбоордун курулушуна 250дөн ашуун кыргыз жарандары тартылды. Станция пайдаланууга толук берилгенден кийин болжол менен 150 туруктуу жумуш орду түзүлүп, алардын негизги бөлүгүн жергиликтүү адистер болот.

Дагы бир айта кетүүчү жагдай, бул долбоор экономикалык гана эмес, социалдык мааниге дагы ээ. Ал жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жергиликтүү калктын кирешесин жогорулатууга, инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана мамлекеттик бюджетке кошумча салыктык кирешелердин түшүүсүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

“ROX Group” компаниясы жерди пайдалануу үчүн төлөгөн салыктан тышкары өндүрүлгөн электр энергиясын сатуудан түшкөн каражаттын 1 пайызын Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр – Тамчы айыл өкмөтүнүн бюджетине которот. Албетте, бул каражат элдин социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым болуп саналат.

Бүгүнкү күндө станция өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык тутумуна ийгиликтүү кошулуп, Кыргыз Республикасынын электр тармагына 28,7 миллион кВт саат электр энергиясын берди. Ал эми биринчи этап толук кубаттуулукта иштеген шартта жыл сайын болжол менен 295 миллион кВт саат электр кубатын өндүрөрү күтүлүүдө.

Өндүрүлгөн электр энергиясы негизинен Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларын камсыз кылууга багытталууда. Келечекте долбоордун кийинки этаптары ишке ашырылган сайын өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого жана электр энергиясына болгон ички суроо-талапты канааттандырууга олуттуу салым кошот деген үмүттөмүн.

Бул долбоордун эң чоң өзгөчөлүгү – өндүрүлгөн электр энергияны белгиленген кубаттуулукта сактоо менен аны ар кандай учурларда өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык тутумуна бере алгандыгында.

Демек, Кыргызстан үчүн бул күн электр станциясы өзгөчө мааниге ээ. Ал биздин энергетика тармагын модернизациялоого, энергия булактарын диверсификациялоого жана гидроэнергетикага болгон көз карандылыкты азайтууга көмөк көрсөтөт. Айрыкча суу азайып бараткан маалда күн энергетикасынын өнүгүшү энергетикалык туруктуулукту камсыздоонун маанилүү фактору болуп калары турган иш.

Биз бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында жылына 362 миллион кубометр сууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берүүчү станцияны ишке киргизип жатабыз. Ал эми күн электр станциясы толугу менен 1900 МВт (айына 273 миллион кВт/саат) кубаттуулукта иштегенде жылына 3,9 миллиард куб метрге чейин суу үнөмдөлөт.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Жакында Дүйнөлүк банк жыл сайын айлана-чөйрөгө бөлүнүп жаткан зыяндуу газдарды азайтуу жана жашыл энергетикага өтүүнү камсыз кылуу максатында көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн азайтуу үчүн Кыргызстанга грант түрүндө 50 миллион АКШ долларын бөлүп берүүнү чечимин кабыл алгандыгын айта кетейин. Ушундан улам, жашыл энергетика тармагын өнүктүрүүнү мындан ары да улантуубуз зарыл.

Күн электр станциясы боюнча долбоор өлкөбүздүн инвестициялык жагымдуулугунун, эл аралык өнөктөштөрдүн Кыргызстанга болгон ишениминин жана мамлекетибиздин туруктуу өнүгүүгө болгон умтулуусунун айкын далили!

Кыргызстан инвестициялар үчүн ар дайым ачык жана ишенимдүү өнөктөш бойдон кала берет. Биз өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошууга даяр болгон бардык инвесторлор менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары дагы кеңейтүүгө кызыкдарбыз.

Урматтуу мекендештер!

Ошентип биз жөн гана жаңы энергетикалык объектини эмес, жашыл энергетика тармагындагы экинчи ири күн электр станциясын ишке киргизип жатабыз. Эсиңиздерде болсо, алгачкысы Кемин районунда ачылган.

Учурдан пайдаланып, долбоордун бардык катышуучуларына, инвесторлорго, инженерлерге, куруучуларга жана өнөктөштөргө чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Бул күн электр станциясы өлкөбүздүн энергетика тармагын, өзгөчө жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө зор салым кошот деген үмүт, тилек, ишеним менен сөзүмдү аяктайын.

Энергетика тармагындагы маанилүү окуя –күн электр станциясынын расмий ишке кириши менен дагы бир ирет куттуктаймын. Баарыңыздарга чың ден соолук жана албан-албан ийгиликтерди каалайм.

Күн электр станциясынын жолу байсалдуу болсун!"