Ысык-Көлдө эс алуучу жайдан ири өрт чыкты

Кырсык Загрузка... 01 Ноябрь 2025 15:39
WhatsApp Image 2025-11-01 at 15.37.45.jpeg
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 01.11.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө эс алуучу жайдан ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, Кош-Көл айылында жайгашкан “Радуга” эс алуучу жайында коттеджден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 13:29дан тарта жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылды.

Мындан сырткары, "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан 1 күжүрмөн эсеп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылып, өрттү өчүрүү иши жүрүүдө.

Кошумча маалымат берилет.