Ысык-Көлдө билим берүүнүн жаңы стандарттары талкууланууда

Билим 15 Сентябрь 2025 10:27
1.jpg
547038414_1224965536343855_8398083754917786849_n.jpg
547276250_1224965436343865_6879177670991944240_n.jpg
547287244_1224965476343861_4937077905108872548_n.jpg
548213862_1224965499677192_5329866834824376791_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
547038414_1224965536343855_8398083754917786849_n.jpg
547276250_1224965436343865_6879177670991944240_n.jpg
547287244_1224965476343861_4937077905108872548_n.jpg
548213862_1224965499677192_5329866834824376791_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көлдөгү "Санат" мугалимдердин ден соолукту чыңдоо борборунда "Жаңылыктын жарчысы" аттуу педагогикалык форум башталды.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, форумга өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары жана методикалык борборлордун кызматкерлери катышууда.

Иш-чара модулдук форматта уюштурулуп, катышуучуларга жаңы окуу жылына даярдыктын негизги багыттарын терең өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Анын алкагында педагогдор:

  • жаңыланган мамлекеттик билим берүү жана предметтик стандарттарды ишке ашыруу;
  • жаңы окуу программалары жана окуу китептери;
  • окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун жаңы ыкмалары;
  • мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча жаңыланган курстарды уюштурууну ырааттуу жана терең өздөштүрүү боюнча тажырыйба топтошот.

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева форумда мугалимдер үчүн 12 жылдык билим берүүгө өтүп жаткан 1–2-класстар жана 5–7-класстар боюнча жаңы окуу китептери жана окуу программалары тууралуу кеңири маалымат берилерин белгиледи.

“Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында (kao.kg) 12-класска чейинки 63 предметтик стандарт жана ар бир предмет боюнча 63 окуу программа жайгаштырылган. Базистик окуу пландары 11 жылдык жана 12 жылдык билим берүү системасы үчүн иштелип чыккан.

Мындан тышкары, 41 календардык-тематикалык план орус тилинде, 42 кыргыз тилинде даярдалган”, – деди Дюшеева.

Белгилей кетсек, форумга республика боюнча жалпысынан 600 педагог катышып жатат.