Ысык-Көлдө балык уулоо эрежесин бузган 11 факты аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 15 Июль 2026 12:10
hq720.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө балык уулоо эрежелеринин сакталышы боюнча бир жумалык рейд өттү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, анын жүрүшүндө балык уулоо эрежелерин бузуу боюнча 11 укук бузуу фактысы аныкталды.

Аталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин балык уулоо эрежелерин бузуу боюнча тиешелүү беренесине ылайык эреже бузгандарга протоколдор түзүлүп, административдик айып пулдар салынды.

Белгиленгендей, Ысык-Көлдүн экологиялык тең салмактуулугун сактоо, балык ресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу боюнча көзөмөлдөө жана рейддик иш-чаралар мындан ары дагы үзгүлтүксүз уланат.