Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы үрөнчүлүк чарбаларда талаа инспекциясы жүргүзүлдү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнү Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин адистери жүргүзүштү.
Инспекциянын жүрүшүндө үрөндүк аянттардын сорттук тазалыгы, өсүмдүктөрдүн өсүү абалы жана фитосанитардык абалы бааланды. Ошондой эле башка сорттордун жана механикалык аралашмалардын, оорулардын, зыянкечтердин жана отоо чөптөрдүн бар-жогу текшерилди.
Адистер үрөн өндүрүүгө коюлган мамлекеттик талаптардын сакталышына да көңүл бурушту. Текшерүүнүн жыйынтыгында үрөндүк аянттарга баа берилип, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар берилет.