Ысык-Көл жана Нарын облустарын толук органикалык айыл чарбага өткөрүү пландалууда

Экономика Загрузка... 25 Июнь 2025 12:15
703791653498487_big.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Ысык-Көл жана Нарын облустарын толук органикалык айыл чарбага өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдө өтүп жаткан Түрк мамлекеттери уюмуна кирген өлкөлөрдүн айыл чарба боюнча министрлеринин 4-жыйынында билдирди. 

Ал маалымдагандай, 2025-жылы министрлер кабинети "Органика 2025-2029" программасын кабыл алып, анда 2029-жылга чейин органикалык айыл чарба айдоо жерлеринин көлөмүн 200 миң гектарга жеткирүү каралган.

"Бул иш аракеттер ТМУнун айыл чарба жаатындагы саясатына толук кандуу жооп берип, органикалык айыл чарбаны өнүктүрүп, бир өлкөнүн алкагында эмес, региондун деңгээлинде айыл чарба концепциясын иштеп чыкканга өбөлгө болот деп ишенем.

Кыргызстандын айыл чарба продукциясы экологиялык таза, анткени ыңгайлуу агроклиматтык шарттарда, тоолуу аймакта таза мөңгү суулар менен сугарылып, түшүмдүү жерлерде өндүрүлөт”, - деди Бакыт Төрөбаев.  

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Бостери айылында ТМУнун айыл чарба боюнча министрлеринин 4-жыйыны өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия жана Венгриянын айыл чарба министрлери башында турган делегациялар катышууда.