Баткенде органикалык айыл чарбасы боюнча конференция өттү

Аймак 22 сентябрь 2026 22:00
819068749_1627868325373283_7063856036917084107_n (1).jpg
819040975_1627868055373310_9038528638064911486_n.jpg
818976343_1627867862039996_6696150279354422830_n.jpg
819175844_1627867748706674_3651509570920493950_n.jpg
819329299_1627867608706688_92182813600710110_n.jpg
818959859_1627867302040052_5636171569789008304_n.jpg
819161198_1627867205373395_8319163474979468535_n.jpg
819836189_1627867128706736_8939409421308980005_n.jpg
818980091_1627867062040076_2938297577428792319_n.jpg
819161188_1627866998706749_655323798265950644_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Баткен шаарында "Органикалык айыл чарбасынын туруктуу өнүгүүсү: илим, инновация жана практика" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чарага Баткен облусунун башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаев, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, райондук жана шаардык жетекчилер, айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышты.

Конференцияда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, экологиялык таза продукция өндүрүү, биологиялык коргоо каражаттарын колдонуу жана илим менен практиканын байланышын күчөтүү маселелери талкууланды.

Баткен облусунда органикалык өндүрүштү кеңейтүү, пилоттук чарбалардын санын көбөйтүү жана органикалык жер аянттарын кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.