Ысык-Көл облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы кармалды

Укук тартиби 1302 04 Февраль 2025 16:00
WhatsApp Image 2025-02-04 at 14.46.03.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-04 at 14.46.04.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-04 at 14.46.04 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-04 at 14.46.04 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-04 at 14.46.05.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-04 at 14.46.03.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-04 at 14.46.04.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-04 at 14.46.04 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-04 at 14.46.04 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-04 at 14.46.05.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Ысык-Көл облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы опузалап акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан шаар куруу жана архитектура системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы М.К. тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары тууралуу маалымат келип түшкөн.

Такталгандай, аталган М.К. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан жер тилкелеринин башкы планын текшерүүнүн алкагында кызматтык абалынан пайдаланып, жергиликтүү тургунду "пара" берүүгө мажбурлаган.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси боюнча кылмыш-иш козголуп, 2025-жылдын 3-февралында, мурда алынган "параны" кайтарып берип жаткан жеринен М.К. кармалып, тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.