Ысык-Атада Такыр-Төр көлү жырылып, адамдар эвакуацияланды

Кырсык Загрузка... 27 Июнь 2025 18:40
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып, коркунуч жаралган аймактардагы үй-бүлөлөр эвакуацияланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Учурда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы жана жеке көзөмөлү менен Алмалуу, Горная Серафимовка жана Нижняя Серафимовка айылдарында жарандарды эвакуациалоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Саат 18:32ге карата берилген маалымат боюнча, куткаруучулар коркунуч жаралган аймактан жалпы 180 адамды коопсуз жайга алып чыгышты.

Белгилей кетсек, министрдин буйругу менен ӨКМдин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен адистер тартылып, дрон менен Такыр-Төр көлүнүн абалын тактоо жана көлдөн келип жаткан суунун агымына байкоо жүргүзүү боюнча иштер үзгүлтүксүз уланып келген.

Ошондой эле жеринде көзөмөл пункту уюштурулуп, жумушту топ күчөтүлгөн режимде күнү-түнү көзөмөлдөп турушкан. Мындан тышкары, атайын техникалар тартылып, алдын ала даярдык уюштурулган.

Кошумча маалымат берилет.