Ысык-Атада суу чарба объектиси мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 09 Февраль 2026 15:00
copyright icon УКМК

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Стратегиялык мааниге ээ болгон суу чарба объектиси — суткалык жөнгө салуу бассейни мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат Ысык-Ата районунда жайгашкан суу инфраструктурасынын объектисин - күнүмдүк жөнгө салуу бассейнин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады.

Маалымат үчүн: Совет доорунда айыл чарба жерлерин сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн күнүмдүк жөнгө салуу бассейндери активдүү курулган. Күнүмдүк жөнгө салуу бассейнинин негизги максаты - ашыкча суу топтоо мезгилинде (кыш же жаан-чачындуу мезгилде) сууну топтоп, андан кийин аны кургакчылык мезгилде колдонуу болуп саналат.

Тактап айтканда, 1999-жылы өткөрүп берүү актысынын негизинде аталган суткалык жөнгө салуу бассейни мыйзамсыз түрдө "Пахарь" айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин балансына өткөрүлүп берилген. 2021-жылы Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен жогорудагы суу объекстиси "Пахарь" айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин менчигине өткөн жана андан соң жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик акт алынган.

Тергөө иш-чараларынан кийин мыйзамсыз менчиктештирилген суу инфраструктурасынын объектиси мамлекеттин балансына кайтарылып, Айыл чарба министрлигинин түзүмдүк бөлүмү болгон Ысык-Ата суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилди.