Ысык-Атада сарайдан өрт чыгып, 18 баш бука күйүп кетти

Кырсык 11 Июнь 2025 12:20
506270832_1114711464034912_5453642654642211710_n.jpg
504909469_1114711430701582_708294117068151705_n.jpg
Алдыга
Артка
506270832_1114711464034912_5453642654642211710_n.jpg
504909469_1114711430701582_708294117068151705_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ӨКМ

Бишкек 11.06.25 /Кабар/. Ысык-Атада сарайдан өрт чыгып, 18 баш бука күйүп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бирдик айылында күн мурун, 10-июнда мал фермадан ири өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Тилсиз жоонун кесепетинен жалпы аянты 500 чарчы метр болгон сарай жана үстүндө жыйылган 2000 түк чөп, сарайда байлоодо турган 18 баш бука күйүп кеткен. Ал эми 15 баш бука сакталып калган.

Өрттүн себеби такталууда.