Ысык-Атада мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

787 19 Март 2025 11:29
480705990_1493251444967192_5646522850714001901_n.jpg
480323788_1493251461633857_1115174548983275897_n.jpg
480557069_1493251471633856_2770837175956137596_n.jpg
480600665_1493251494967187_5761772049663533592_n.jpg
480626955_1493251441633859_350490846568902174_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан текшерүү иштеринин натыйжасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш а/а жайгашкан бала бакча мамлекетке кайтарылды.

2005-жылы жогоруда аталган 140 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси мыйзамсыз түрдө Ош шаарынын экс-мэри Ч.С. (2003-жылы Ош шаарынын мэри болгон) тарабынан менчиктештирилген.

Көрүлгөн иш-чаралардын алкагында, Ысык-Ата районунун Сын-Таш а/а Советская айылы, Новая көчөсү №19а үй дарегинде жайгашкан, аянты 0,53 га, колдонууга жарактуу аянты 1094 кв.м болгон бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды.

Аталган Бала бакча 2025-жылдын 14-мартында "Мүлктү менчикке өткөрүү жөнүндө" келишимге ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.