Ысык-Атада куураган камыштар өрттөнүүдө. Жерине ӨКМден 3 бөлүм, 28 куткаруучу жөнөп кетти

Кырсык Загрузка... 19 Март 2025 15:04
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Ташкент, 19.03.25. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Гидростроитель айылынын ортосунда ачык аянтта куураган камыштан өрт чыгып, ири өрт кырсыгы тутанды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө жерине Токмок шаардык №21 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Чүй райондук №24 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Ысык-Ата райондук №4 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылды.

Ошондой эле жерине өрт өчүрүү иштерин координациялоо максатында ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу тартылган жана кошумча өрттү өчүрүүгө Ысык-Ата райондук №27 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, Токмок шаардык №21 ӨКБдан 19 куткаручу жана Кемин райондук №5 ӨКБдан 4 куткаруучу, жалпы 28 куткаруучу тартылды.

Кошумча маалымат берилет.