Соңку жылдары Бишкекте абанын булганышы нормадан бир нече эсе жогорулап кеткенин экологдор байма-бай айтып келишет. Суук түшөрү менен шаарды түтүн каптап, абанын кескин булганып кеткени тургундарды бир топ кабатыр кылып келет. Шаардын абасын булгап жаткан негизги факторлордун бири болуп кышында жагылган көмүр эсептелет. Биринчи кезекте бул миңдеген тонна көмүр жаккан Бишкек жылуулук электр борбору жана шаардагы жеке менчик үйлөр, шаарды курчаган жаңы конуштар, алардын баары көмүр жагат. Буга карата абанын булганышын алдын алуу максатында бир катар чаралар көрүлүүдө. Бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги атмосферанын булганышы өсүп жаткан шартта аэродинамика мыйзамдарын колдонуп, электр жарыгысыз жана суусуз иштеген түтүн чыпкалоочу инновациялык аппаратты ишке киргизген инженер-гидротехник Амантур Салымбаев менен маек курду.

— Түтүндөн абаны тазалаган аппарат ойлоп тааптырсыз, бул чыпка тууралуу кеңири айтып берсеңиз?
— Ооба, бул чыпка эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү ышты кармайт, экинчи бөлүгү болсо түтүндү жана зыяндуу газдарды өзүнө соруп алат. Жаратылыш министрлигинин Экологиялык мониторинг департаментинин изилдөөсүнүн жыйынтыгында, аталган чыпка зыяндуу газдарды 60 пайызга, ал эми ышты 70 пайыздан ашык деңгээлде кармап калат. Чыпка отун же көмүр жагылган мештерге орнотулат. Мен көп жылдан бери инженерия тармагында иштеп келем. Бул чыпканы көптөн бери изилдеп жүргөн элем. Акыркы жылдары борбор калаада абанын сапаты кескин начарлап жатканы байкалууда. Ошол көйгөйдү чечүүгө өз салымымды кантип кошсом болот деп ойлондум. Былтыр бул багытта иш алып барып, алгач төрт чыпканын үлгүсүн жасап көрдүм, жыйынтыгы буюрса абдан жакшы. Чыпканы башында чыгарып жатканда жер тамдарга эле коюуга болот дегенмин. Бирок, азыр аны мончолорго жана тамактануучу жайларга да коюп жатышат. Кызыгуу жогору, атайын буйрутма бергендер да арбын. Жыл башынан бери өзүм 50гө жакын чыпка орноттум. Менин шериктеш компанияларым болсо 15-20дай чыпканы орнотушту.

— Чыпканы жасоодо кандай материалдарды колдоносуз?
— Чыпка атайын дат баспаган темирден жасалып, мештен чыккан морго орнотулат. Аны орнотуу өтө жеңил, ар бир жөнөкөй жаран өз алдынча коюп ала алат. Чыпканы азырынча өзүм эле жасап жатам. Бул иш үчүн атайын патент да алдым. Жакынкы келечекте ири компаниялар менен кызматташып, өндүрүштү чоң масштабга чыгаруу пландарым бар. Азыр бир чыпканы 3–4 күндө жасап жатам. Бирок, эгерде өнөктөштөр менен иштешип, керектүү жабдыктар менен камсыздалсак, анда күнүнө 100гө чейин чыпка чыгарууга мүмкүнчүлүк болот. Каражат бөлүнүп, заманбап жабдыктар алынса, өндүрүш көлөмүн көбөйтүүдө эч кандай тоскоолдук болбойт.

— Чыпка сыноодон өтүп жатканда, кандай көйгөйлөр жаралды?
— Алгач чыпканы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевге сунуштап, жеке өзүм алып бардым. Министр дароо Экологиялык мониторинг департаментине бул чыпканы расмий түрдө текшерип көрүүнү тапшырды. Тиешелүү тапшырманын негизинде Жаратылыш министрлигинин, аталган департаменттин жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлүп, чыпка орнотулган төрт объектке барып анализ жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында, чыпка зыяндуу газдарды 60 пайызга, ал эми ыш менен түтүндү 70 пайыздан ашык деңгээлде азайтат деген тыянак чыгарылган.
— Аппаратты жасоону үйрөнүп жаткан шакирттериңиз барбы?
— Ооба, мени менен иштешкен шериктеш фирмалар да, бир нече шакирттерим да бар. Алар чыпка жасоонун бардык процесстерин үйрөнүп жатышат. Эгерде Бишкек же жалпы өлкө боюнча ыш көйгөйүн системдүү түрдө чечебиз десек, жүздөгөн адистерди даярдоого туура келет. Бул үчүн сөзсүз түрдө мамлекеттик колдоо керек. Мамлекет кандай жардам көрсөтө алат? Биринчи кезекте мыйзамдарды карап чыгуу зарыл. Азыркы мыйзамдарда көмүр же отун жагылган мештерге чыпка орнотуу милдеттүү деген талап жок. Бул маселе Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан көңүл бурууну талап кылат. Мыйзамдык негиз түзүлсө, маселенин чечилиши да тездемек.

— Борбор калаадагы абанын булганышы эмнеден улам болуп жатат деп ойлойсуз?
— Абанын булганышына түрдүү факторлор себеп. Бирок, пайыздык көрсөткүч менен айтканда, 40–50 пайызына чейин жер тамдар себеп болууда. Калган 30 пайызын унаалар, 10 пайызын ЖЭБ, ал эми калган 10 пайызын башка булактар түзөт. Жок дегенде жер тамдарга атайын чыпка орнотуу менен абанын булганышын эки эсе кыскартууга болот. Мындан сырткары, эл эмнени жагып жатканын көзөмөлдөө абдан маанилүү. Айрым тургундар мешке баллон, бөтөлкө, резина жана башка калдыктарды жагып жатышат. Бул түз эле уулуу заттардын абага чыгышына себеп болот. Ошондуктан үй жылытууну газдаштырууга же альтернативалуу жылытуу системаларына өткөрүү керек.
— Учурда чыпканы колдонуп жаткандардын пикирлери кандай болуп жатат?
— Учурда мен жасап берген чыпка 50дөй объектке орнотулган. Колдонуучулардын 95 пайызы жакшы пикирин айтып жатышат. Албетте, кайсы гана жабдык болбосун толук идеалдуу болбойт. Бирок, бул чыпканын келечеги чоң. Долбоорду дагы да өнүктүрүп, кемчиликтерин жоюп, сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок, азырынча каржылык жактан кыйынчылык жаралууда. Азырынча бул иш менен жалгыз алектенип жатам. Ар бир чыпканы жасоого 36 миңден 50 миң сомго чейин каражат кетет. Сатыкка чыккан баасы деле ошондой. Эгер каржылык колдоо болсо, чыпканын сапатын да, көлөмүн да бир топ жакшыртууга болот.

— Чет өлкөлөрдө дагы ушундай инновациялык апаратты колдонгондор барбы?
— Чет өлкөлөр боюнча так маалыматым жок. Бирок, мен жасаган чыпка тууралуу маалымат тарагандан кийин, коңшу мамлекеттерден кызыгып, байланышкандар болду. Айрымдары мага чалып, чыпканы алып барып орнотуп берүүнү суранышты. Бирок, мен макул болгон жокмун. Себеби, бул чыпка эң оболу Кыргызстанда кеңири колдонулушу керек деп эсептейм. Инновациялык аппарат кыргызстандыктардын эмгеги, демек, алгач өзүбүздө орнотулуп, Кыргызстандын жеке бренди болушу зарыл.