Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. “Ырыс Ордодо” кыргыз сүрөт өнөрүнүн бай тарыхын, бийик эстетикалык деңгээлин чагылдырган өзүнчө бир улуттук чоң коллекциясы топтолду. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
”Эл аралык ири иш-чаралар өтө турган бул имараттын ичинде, ошондой эле ага удаалаш жайгашып, чет өлкөлөрдүн эң жогорку жетекчилери үчүн курулган конок үйлөргө Гапар Айтиев, Леонид Деймант, Давид Флекман, эл баатырыбыз Тургунбай Садыков баштаган искусство чеберлеринин колунан жаралган керемет эмгектеринин илиниши ”Ырыс Ордонун” беделин көтөрүп, ар бир кыргыз уулун сыймыктанта тургандыгын бөркүмдөй көрөм.
Кыргыздын таланттуу сүрөтчүлөрү Жоомат Кадыралиевдин, Сабитжан Бакашевдин, Сатар Айтиевдин, Адылбек Байтерековдун, Талант Огобаевдин жана башка ондогон кыл калем ээлеринин тарткан сүрөттөрү бул имараттардын маанисин арттырмакчы.
Ошентип, бул жерде кыргыз сүрөт өнөрүнүн бай тарыхын, бийик эстетикалык деңгээлин чагылдырган өзүнчө бир улуттук чоң коллекциясы топтолду”, - деп жазды ал.