Ыраакы Чыгыш кайрыгы. Маданий алака

Маданият Загрузка... 10 Декабрь 2025 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Данияр Исанов

Бардык материалдар

Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. Хэйлунцзян Кытайдын түндүк-чыгышында жайгашкан өлкөдөгү кышы катаал, жайы салкын аймак. Хэйлунцзянь – кыргызчалаганда “Кара Ажыдаар дарыясы” деген түшүнүктү берет. Тарыхка үңүлө турган болсок, Хэйлунцзян – Манжуриянын бир бөлүгү болуп, жужен, кидан, тунгус-манжур топторунун мекени саналган. Түндүк-чыгышында Россия аймагы менен чектешкен бул провинция Амур жана Уссури дарыялары аркылуу өтүп, аймак ичине Харбин, Цицикар, Суйхуа, Муданьцзян, Цзямусы жана Хэйхэ шаарларын камтыйт.

Хэйлунцзяндын борбору Харбин шаары 1898-жылы Кытай-Чыгыш темир жолун куруу үчүн Россия империясынын алдында станция катары негизделген. Мына ушул себептен Харбиндин архитектурасы менен маданиятынан орустун таасирин кездештирүүгө болот.

Харбиндеги симфониялык оркестр Кытайдагы эң байыркы оркестрлердин бири болгондуктан, шаарга 2010-жылы ЮНЕСКО тарабынан “Музыка шаары” деген ысым ыйгарылган.

Хэйлунцзян Кесиптик искусство институту – кыргыз жергесине өз өнөрлөрүн тартуулаганы келишти. Иш-чарага Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын директору Элдар Аттокуров жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпиндин кеңешчиси Сунь Дапэн катышты.

Марат Тагаев, КР маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары:

WhatsApp Image 2025-12-10 at 14.57.11.jpeg

Өзүңүздөр билгендей, кылымдардан бери эки эл – кошуна жашаган мамлекеттер. Кыргызстан менен Кытай мамлекетинин ортосундагы маданий алака дагы да жаңы деңгээлге чыгып, бекемделип жаткан мезгил. Кыргызстандын маданият ишмерлери Кытайга сапарларын уюштуруп, ал жакта жашаган кыргыздарга да өзүлөрүнүн өнөрлөрүн тартуулап келе жатышат. Ошол эле учурда Кытайдын белгилүү артисттери да Кыргызстанга келип, көрүүчүлөрүбүзгө концерт коюуда.

Жаңырган 2026-жылы да биздин маданият ишмерлерибиз Кытайга барып, бир нече концерттерди уюштуруу иштери пландалууда. Себеби, Кыргызстан 2026-жылы Шанхай Кызматташтык Уюмуна төрагалык кыларын жакшы билесиздер. Мындан ары да соода-экономикалык байланыштарыбыз чыңдалгандан тышкары, маданий алакалар да өнүгүү жолуна түшмөкчү. Айрыкча, кинематография жаатына маани берилип, бир катар долбоорлор ишке ашмакчы. Анткени, Шанхай кинофестивалы дүйнөдөгү эң ири фестивалдардын бири экени бардыгыбызга белгилүү.

Харбиндеги Искусство институту – кесиптик жогорку окуу жайы катары искусство жана маданият жаатындагы адистерди даярдайт. Институттун тарыхы, 1946-жылы негизделген мекемелерге барып такалат. Ал эми азыркы институт – 2002-жылы мурунку Хэйлунцзян искусство мектебинин негизинде түзүлгөн. Институт – салттуу кытай искусствосун жана түндүк-чыгыш маданиятын өнүктүрүүгө басым жасайт. Институт ар кандай искусство багыттары боюнча музыка жана бий, көркөм өнөр жана дизайн, театр жана кино, менеджмент жана маданий тармакты башкаруу адистиктерин окутуп чыгарат.

Гао Чень, Бишкектеги Кытай маданий борборунун директору:

Биз Кытай Эл Республикасынын Хэйлунцзян провинциясынын Искусство институтутун жаш таланттарынын өнөрлөрүн сиздердин назарыңыздарга коюну туура көрдүк. Программабызда вокалдык аткаруулардан тышкары, бий өнөрү да бар. Бул концертте Кытайдан келген өнөрпоздор менен бирге сиздердин да таланттар сахнага чогуу чыгып, айрым номерлерди чогуу аткарышмакчы.

Улуттун кулк-мүнөзүн, дүйнө таанымын – анын музыкасынан таанысак болот. Бул сапар кытай элинин философиялык ой чабыты менен кошо дүйнөгө болгон көз карашын алардын музыкасы аркылуу аңдагандай болдук.

“Манас” улуттук театрында өткөн бул иш-чарага Хэйлунцзян Кесиптик искусство институтунун өнөрпоздору Янь Жу, Суй Синь, Ду Цзюань, Сюй Шу, Чжао На – улуттук аспаптарында бир катар чыгармаларды аткарышты. Өзгөчө флейтада Ду Цзюань аттуу кыз “Жигердүү иш, түшүмдү ташуу, жылкылардын жүрүшү” аттуу номерди жогорку чеберчилик менен аткарып, элдин алкышына татыды.