Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. YouTube үзгүлтүккө учураганын колдонуучулар кабарлашууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Популярдуу интернет ресурстардагы үзгүлтүктөргө жана өчүрүүлөргө көз салган Downdetector сайтынын маалыматына ылайык, ар кайсы өлкөлөрдөгү колдонуучулар YouTube үзгүлтүктөрү тууралуу кабарлашууда.
Тактап айтканда, даттануулардын саны АКШда 268 миң, Улуу Британияда 62 миң, Японияда 19 миңден ашты.
YouTube – бул видеохостинг кызматын сунуштаган сервис. Колдонуучулар видеолорду чыгарып, көрүп, тигил же бул видеого комментарий жаза алат.