YouTube Дональд Трамп менен болгон соттук талашты чечүү үчүн $24,5 млн төлөйт

Дүйнө Загрузка... 01 Октябрь 2025 12:55
WhatsApp Image 2025-10-01 at 09.15.34 (1).jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.10.25 /Кабар/. YouTube (Alphabet Inc.) каналы АКШ президенти Дональд Трамптын дооматтарын жөнгө салуу максатында 24,5 млн доллар төлөөгө макул болду. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, бул дооматтар Трамптын аккаунту 2021-жылдын январында Капитолийдеги башаламандыктардан кийин чектелгенине байланыштуу коюлган.

Калифорниянын Түндүк округдук соту бул келишим YouTube тарабынан күнөөнү же жоопкерчиликти моюнга алуу дегенди билдирбестигин баса белгиледи.

Трамп 2021-жылдын ортосунда YouTube, Facebook (Meta) жана Twitter (азыркы X) компанияларын сотко берген. Социалдык тармактар анын аккаунттарын "зордук-зомбулукка чакырык болушу мүмкүн" деген жүйө менен чектеген.

2025-жылы Трамп Ак үйгө кайтып келгенден кийин IT-компаниялар президент менен соттук талаштарды жөнгө салууга аракет кылууда. Meta январда 25 млн доллар төлөөгө макул болгон, ал эми X (Twitter) – 10 млн доллар.

YouTube Трамптын аккаунтун толугу менен жапкан эмес, болгону видео жүктөө мүмкүнчүлүгүн убактылуу чектеген. Бул мүмкүнчүлүк ага 2023-жылы кайра берилген.

Ошол эле учурда, 2025-жылдын башынан тартып Alphabet компаниясынын акциялары 28,9% өскөн.