Ынтымакка чакырган “Ырыс Ордо”: Биримдикке басым жасаган жаңы саясий маданият

Аналитика 26 Август 2026 17:30
785979796_1590027002763572_6105721921749184761_n.jpg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстан бир нече күндөн кийин дүйнө эли назар сала турган Шанхай кызматтыштык уюмуна мүчө мамлекеттердин президенттеринин саммитин өткөргөнү турат. Бишкек Жер шарынын дээрлик жарымын камтыган ШКУнун стратегиялык чечимдеринин борборуна айланат. Саммитти утурлай өлкө башчылардын кеңешмелери өтүүчү “Ырыс Ордо” жыйындар комплекси ачылды. Ал жөн эле имарат эмес, Кыргызстандагы саясий жана коомдук туруктуулуктун, ынтымактын белгиси болуп калды. "Ырыс Ордо" конгресс-борборунун ачылышында президент Садыр Жапаров элди улуттук кызыкчылыктын айланасында биригүүгө чакырды. Бул арада саясат таануучулар мамлекеттин бүтүндүгү баштаган негизги баалуулуктарга негизделген жаңы саясий маданиятка умтулуу аракетин колдоо зарылдыгын айтышууда.

Акыркы беш жылдын ичинде Кыргызстан өз күчүнө ишенүү менен саясий, экономикалык жана социалдык жактан кыйла чоң өзгөрүүлөрдү жарата алды. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп жатат, алдыда Камбар-Ата-1 ГЭСи турат. Тышкы саясат жөнгө салынып, эл аралык инвесторлор менен иштешүүнүн алгачкы натыйжаларын көрүп жатабыз. Кыска убакытта өлкөдөгү ири инфраструктуралык обьекттер оңдолуп-түздөлдү. Масштабы таң калтырган жана сыймыктандырган заманбап имараттар курулду. Маяна, пенсия социалдык төлөмдөр бара-бара көбөйүүдө. Булар өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү дагы да кеңири экенин, өнүгүп, өсүүгө болгон каалоосунун чоң экенин көрсөтүп жатат. Алдыда бул иштердин ыргагы токтобой улана берүүсү зарыл. Башкысы, алп инфратүзүмдүк жана социалдык долбоорлорду биздин өлкө өз алдынча жана өз каражаты менен ишке ашырууга жарап калды.

Негизгиси акыркы жылдардагы эмгек текке кетпеши керек. Саясий, экономикалык жана коомдук өнүгүү үчүн зарыл шарттардын башында туруктуулук жана ынтымак турарын жакшы билип калдык. Бишкек шаарындагы “Ырыс Ордо” жыйындар комплексинин ачылышында президент аземдин мазмунун дал ушул ынтымак менен бекемдеди десе болот. Чындыгында, пикирлер ар кандай болуусу мүмкүн, бирок мамлекеттик баалуулуктар баарынан жогору турат. Элдин биримдиги мамлекеттин бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн негизги пайдубалы.

IMG_6380_61m5f.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90
“Биз куруп жаткан жаңы Кыргызстан бир адамдыкы же бир бийликтики эмес, ал баарыбыздыкы, жалпы элдики, жамы журттуку. Ынтымагы бекем, руху бийик, жаркын келечегине ишенген ырыстуу өлкөнү бирге куралы”, - деди Садыр Жапаров.

Кайрылуу эң оболу, келечекке багытталганын айта кетүү керек. Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда өлкөнүн эртеңки күнүн аныктай турган жаш муунга өзгөчө басым жасады. Садыр Жапаровдун жаштарга айткан насааты өткөндөн сабак алып, эски саясаттан баш тартып, бөлүнүп-жарылуудан алыс болуу туурасында болду.

“Жаштар ынтымактуу жана биримдиктүү болуп, келечекке ишенимдүү көз караш менен карап, күчтүү Кыргызстанды курууну улантып кетишиңиздер керек", - деди мамлекет башчы.

Демек, жаш муун мамлекеттик деңгээлде улуттук кызыкчылыктын айланасында ойлонуусу керек. Албетте, Кыргызстандын ичинде болуп жаткан өзгөрүүлөр өлкөнүн тышкы иштерине ишеним берери бышык. Ал эми “Ырыс Ордо” сымал мекемелер жөн гана кооз курулуш эмес, биздин өлкөнүн эл аралык дипломатиясынын жаңы аянты жана Кыргызстандын Борбор Азиядагы ролун бекемдөөчү борбору болуп калары турган иш.

“Ырыс Ордо” конгресс-борбору дүйнөлүк саясаттын күн тартибиндеги эң орчундуу маселелер каралган Шанхай кызматташтык уюмунун, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун, Евразия экономикалык биримдигинин, Түрк мамлекеттеринин уюмунун жана башка ири эл аралык уюмдардын, лидерлер саммиттеринин, глобалдык форумдардын аянтчасы болуп берет. Мындай ири иш-чаралардын өтүшү менен Кыргызстандын эл аралык аброю жана геосаясий имиджи артат. Борбор Азиянын жүрөгүндө жайгашкан өлкөбүз ири чечимдер кабыл алынуучу эл аралык дипломатиянын жаңы борборуна айланат”, - деп белгиледи президент.

"Ырыс Ордодон" чыккан ишарат кыргыз саясий маданиятында жаңы баракты ачууга тийиш. Деги эле президенттин билдирүүсүн биримдикти, ынтымакты эске алган жаңы саясий маданиятка умтулуу аракети катары кабылдаса болот. Мындай пикири менен саясат таануучу Асел Өмүракунова бөлүштү. Ал саясий дымактардан да жогору турган мамлекеттин бүтүндүгү жана анын туруктуу өнүгүүсү баштаган жалпы баалуулуктар бар экенин белгиледи.

WhatsApp Image 2026-08-26 at 17.05.44 (1)
“Ачылыш аземге кеңири чөйрөдөгү адамдарды чогултууга аракет кылышты. Азыркы мамлекеттик жетекчилер жана көп жылдар бою өкмөттө иштегендер, парламенттин мүчөлөрү, сот бийлигинин өкүлдөрү, дипломатиялык корпус, дин кызматкерлери, маданият ишмерлери, спорт ишмерлери жана коомдук ишмерлер. Бул абдан позитивдүү символикалык ишарат. Биз талашып-тартыша алабыз, атаандаша алабыз, бири-бирибизди сындай алабыз жана таптакыр башка саясий көз караштарга ээ боло алабыз. Бул демократиялык коомдун табияты. Бирок, саясий амбициялардан жогору турган, коом толугу менен бириге турган маанилүү жагдайлар бар. Ал мамлекеттин бүтүндүгү, анын туруктуу өнүгүшү, ири улуттук долбоорлор жана өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги аброю.
"Ырыс Ордо" аталышы өзүнүн философиялык маанисин толук ачты. Анткени "Ырыс алды - ынтымак" деген элдик макалыбыз жөн гана кооз сөз эмес, мамлекет үчүн коомдун биригүүсү чындыгында анын эң башкы ички өнүктүрүү ресурстарынын бири болуп саналат. Мен бул логиканын уланышын каалайт элем. Бул ар кандай муундардын салымын таануу жана ар кандай көз караштагы адамдар жолуга турган мейкиндикти түзүү”, - деди саясат таануучу Асел Өмүракунова.

Өнүгүүнүн темптин сактоо жана артка кетпөө үчүн коомдогу туруктуулук, ички ынтымак эң башкы шарт экенин Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев да белгиледи.

2022-12-11_14-14-38_124416.jpg
“Кыргыз элинде Ырыс алды – ынтымак деп бекеринен айтылбайт. Кандай кыйын учурлар болбосун карап көрсөк ынтымак гана биздин улутубузду сактап келген, ынтымак гана бизди жок болуп кетүүдөн сактап келген. Президент өз сөзүндө кайсы киши болбосун, кайсы жаран болбосун убагында соттолуп кеттиби же арасында камактан чыгып, акталгандар барбы же акталбаса дагы артында соттолду деген наамы барбы, бирок 35 жылдын тарыхында бир кызматты ээлеп, болгондо да жөнөкөй кызматты эмес, ошол жерде өз салымын кошкон адам бардыр деп айтты.
Бардыгыбыз кыргызстандыктар болгондуктан бардыгыбыз бирбиз аягы келип. Биздин башка мамлекетибиз жок, бир эле мамлекетибиз бар. Ошондуктан убагында камалып кеткен же кечээ эле каршы чыккан деп иш-чарага алар чакырылбай калса, имараттын атына жараша заты болбой калат эле. Ошол үчүн элибизде ырыс алды – ынтымак деп бекеринен айтылган эмес”, - деди Марлен Маматалиев.