«Ынтымак-Ордодо» президенттин администрациясынын жыйыны өтүүдө

Министрлер кабинети 21 Февраль 2025 10:59
IMG_9430.original.jpg
IMG_9431.original.jpg
IMG_9428.original.jpg
IMG_9429.original.jpg
Алдыга
Артка
IMG_9430.original.jpg
IMG_9431.original.jpg
IMG_9428.original.jpg
IMG_9429.original.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. "Ынтымак-Ордодо" министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги менен президенттин администрациясынын коллегиясы өтүүдө.

Белгилей кетсек, кеңешменин күн тартибинде 4 маселе коюлган. Минкаб төрагасы коллегиянын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын ишине баа берилип, сындар айтылаарын билдирди.

Алгач, президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов баяндама жасап, инфраструктура жана аймактык өнүгүү, өнөр жай жана индустриялаштыруу саясаты, айыл чарба жана азык түлүк коопсуздугу маселелери тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле 2024-жылга мамлекеттик органдар тарабынан бекитилген иш-чаралар планынын аткарылышы, анданы кемчиликтер тууралуу маалыматтар берилүүдө.