Кыргызстан менен транспорттук коридорду өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт – Монголия элчиси

Коом 26 Август 2026 12:30
IMG_5304.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында кызматташуу Монголиянын Кыргызстандагы жаңы элчисинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болот. Бул тууралуу элчи Дэмчиг Тэгшжаргал "Ынтымак Ордодо" ишеним грамоталарын тапшыруу аземинен кийин журналисттерге берген маегинде билдирди.

Элчи дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө эки тараптуу байланыштарды, биринчи кезекте транспорттук багыттагы кызматташтыкты тереңдетүүгө басым жасаларын белгиледи.

"Моңголия, Кытай жана Россиянын ортосунда үч тараптуу транспорттук макулдашуу бар жана ага Кыргызстандын да кошулушу логикалык жактан негиздүү. Алдыдагы эки-үч жыл ичинде Улан-Баторго баруучу каттамды мүмкүн болушунча тез арада ишке киргизүү максат кылынууда. Бишкек – Үрүмчү – Улан-Батор каттамынын узундугу болжол менен 3500 чакырымды түзсө, Алтай аркылуу өткөн каттамдын узундугу 4500 чакырымга жакын. Бул эки өлкөнүн логистикалык компаниялары үчүн стратегиялык мааниге ээ", - деп баса белгиледи элчи.

Дипломат экономикалык кызматташууга да өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

"Биз Евразия экономикалык биримдигинин алкагында компанияларыбызды илгерилетүү жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн ачуу үчүн жигердүү иш алып барууну көздөп жатабыз", — деп кошумчалады ал.

Ошондой эле элчи кыргыз жана монгол элдеринин тилдик жана маданий жакындыгына, элдик дипломатиянын маанисине токтолду.

"Кыргыз жана монгол элдеринин ортосунда окшоштуктар абдан көп. Сөз байлыгыбыздагы сөздөрдүн болжол менен 20-30 пайызы бири-бирине окшош же жалпы түпкү мааниси бирдей. Мисалы, "унаа", "боорсок" сыяктуу сөздөр бар. Былтыр Монголиянын батышындагы Баян-Өлгий жана Увс аймактарына илимий экспедиция уюштурулган. Июнь айынын ортосунда мен бул аймактарда болдум. Ал жерде 12 миңге жакын этникалык кыргыз жашайт. Алар салттуу жашоо образын, каада-салтын жана улуттук тамак-ашын толугу менен сактап калышкан. Бул элдик дипломатияны өнүктүрүү үчүн маанилүү багыт", - деди Дэмчиг Тэгшжаргал.

Ал Бишкектеги алгачкы таасирлери тууралуу айтып жатып, Кыргызстанга көнүү жеңил болуп жатканын белгиледи.

"Сиздердин кооз өлкөңүздөргө, жашыл шаар Бишкекке дайындалганга чейин Германияда үч мөөнөт иштедим. Буга чейин Кыргызстанда "Манас" аэропорту аркылуу транзит менен гана болгонмун. Бул жерде өз үйүмдөгүдөй сезип жатам, баары мага абдан жакын жана окшош", - деп жыйынтыктады элчи.