Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Казакстан Кыргызстан менен экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты күчөтүп, билим берүү жана илим тармагындагы өз ара байланышты кеңейтүүнү көздөйт. Бул тууралуу Казакстандын жаңы дайындалган элчиси Абылкаир Скаков "Ынтымак Ордодо" ишеним грамоталарын тапшыруу аземинен кийин журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, эки өлкөнүн мамилеси терең тарыхый негизге ээ болуп, жалпы салт-санаага, маданий-гуманитардык байланыштарга жана орток чек арага таянат.
"Президент Садыр Жапаров менен болгон сүйлөшүүдө эки өлкөнүн ортосундагы мурдагы кызматташтыкты улантуу жана анын ырааттуулугун камсыз кылуу ниетибизди ырастадык. Менин дипломатиялык миссиямдын негизги максаты - эки тараптуу кызматташтыкта буга чейин жетишилген бардык макулдашууларды бекемдеп, аларды мындан ары өнүктүрүүгө багытталат", - деди Скаков.
Элчи кызмат учурунда кызматташтыктын практикалык багыттарына, анын ичинде экономикага, инвестицияга, билим берүүгө жана илимге өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.
"Тактап айтканда, экономикалык дипломатияны жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүүнү, ошондой эле билим берүү жана илим тармагындагы байланышты кеңейтүүнү көздөп жатабыз. Эки тараптуу өнөктөштүктүн кеңири багыты боюнча бул иштер мындан ары да улантылып, күчөтүлөт", - деп белгиледи элчи.
Анын айтымында, Кыргызстан менен Казакстандын элдеринин ортосундагы тыгыз байланыштар сакталып келет. Эки өлкөнүн жарандары эркин каттап, өз ара активдүү кызматташып турушат.