“Бишкек Аренадай” жаңы курулуштар Кыргызстанды дүйнөгө таанытат

Коом 26 Август 2026 10:40
4360750.3a06948a53b426fab92b8ab58e0b8d9e.jpg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. “Бишкек Арена” стадионундай жаңы курулуштар Кыргызстанды дүйнөгө таанытат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Парламент төрагасы акыркы жылдары өлкөдө ири курулаштар жүрүп жатканы бул мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнөн кабар берерин айтты.

image2_Yk7CKlX.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
“Азыр “Жаштык Арена” спорт комплексинде декабрдын аягына чейин иш-чара өткөрүүгө кезек болуп калды. Бир иш-чара өткөрөйүн десеңиз бош орун жок. Мында бюджетке түшө турган киреше бар. Бул бир жагы эле. Муну менен эмне айтайын дедим, биздин курулуштардын баары дотацияда отурбайт. Алардын баары киреше алып келет. Мына жаңы курулган “Бишкек Аренада” соода орундары да түзүлдү. Ошондуктан мындай объекттер өзүн-өзү актайт. Чыгашага алып келбейт. Бүгүн болбосо да, эртең коротулган акча кайтарылат. Эң маанилүүсү эмнеде? Эң маанилүүсү биздин мамлекеттин имиджинде. Мына “Бишкек Аренадай” стадиондорго биз барып калганда суктанчу элек. Азыр стадионубуз мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнүн бирден-бир көрсөткүчтөрүнүн бири болууда. Кыргыз боз үйүнө окшогон арена аркылуу эле Кыргызстан көп өлкөгө таанылат. Мына “Ырыс Ордо” дагы эл аралык масштабдагы иш-чараларды өткөрсө болот. Коммерциялык негизде акы төлөнөт. Бул имаратты курууга кеткен каражатты актайт. Мына ушул “Ырыс Ордонун” жери ижарага Корея мамлекеттине берилген. Бирок иштете албай коюшту. Жер аларга өтүп кеткен жок, кайра жер кайтарылды. Азыр мына ошол жерге “Ырыс Ордо” курулду. Бул да өтө маанилүү нерсе. Мындай имарат курбасак, 20дан ашык президент катыша турган саммиттерди өткөрө албайт элек. Азыр ошондой иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле “Ынтымак Ордонун” жанына “Ырыс Ордонун” салынышы бул иш-чаралар маалында тыгындарды жаратпай, элдин ыңгайлуулугун камсыздоо да эске алынган.”, - деди Марлен Маматалиев.