Бишкек, 03.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда жарандарга зарыл учурда ыкчам жардам көрсөтүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки тик учагы нөөмөткө коюлду.
Ведомстводон маалымдашкандай, Airbus H-125 жана Airbus H-145 үлгүсүндөгү тик учактар зарыл болгон учурда бейтаптарды кыска убакытта медициналык мекемеге жеткирүүгө жана эвакуациялоого тартылат.
Мындан тышкары, Ысык-Көл районунда, анын ичинде Кырчын жайлоосунда өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу унаалары нөөмөткө коюлуп, куткаруучулар күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Алар коопсуздукту камсыз кылуу, кырсыктардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү иштерин жүргүзүүдө.
“Ошондой эле Кырчын жайлоосунда ӨКМдин мобилдик госпиталы иштеп, анда дарыгерлер медициналык жардамга кайрылган жарандарга тиешелүү жардам көрсөтүп жатышат”, - деп айтылат маалыматта.