Бишкек, 06.10.25 /Кабар/. Япониянын өкмөтүнө биринчи жолу аял жетекчи келди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалал жазды. Либералдык-демократиялык партиясынын лидери болуп 64 жаштагы Санаэ Такаити шайланды. Эми ал октябрдын ортосунда премьер-министрликке расмий киришет.
Такаити катуу саясатты карманган консерватор, Маргарет Тэтчерди үлгү тутат. Ал кызматка келгенден кийин Япония тарыхында премьер болгон алгачкы аял болот.
Мурунку премьер Сигэру Исиба парламентте көбүрөөк орунду сактай албай койгондуктан, сентябрь айында кызматтан кетүүнү чечкен. Партия ичиндеги таймашта Такаити жеңип чыкты.