Япониялык мушкер Наоя Иноуэ бокс боюнча дүйнө чемпиону титулун коргоду

Дүйнө Загрузка... 29 Декабрь 2025 10:25
WhatsApp Image 2025-12-29 at 08.25.39.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Япониялык мушкер Наоя Иноуэ Эр-Риядда өткөн беттеште мексикалык атаандашын Давид Пикассону жеңди.

12 раунддун жыйынтыгы боюнча Иноуэ калыстардын чечими менен утушту камсыздады.

Натыйжада япониялык өкүл жеңил салмактагы абсолюттук дүйнө чемпиону титулун коргоп калды.

32 жаштагы Иноуэ профессионалдык рингде жеңилбеген боксчулардын бири бойдон калууда, 32 беттешинин баарында жеңишке жеткен (27 жолу нокаут менен). 25 жаштагы Пикассо бул ирет биринчи жеңилүүсүнө кабылды, анын рекорду 32 жеңиш жана бир тең чыгуусу бар.