Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. Япония өкмөтү 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөгө келген чет элдик туристтердин саны рекорддук деңгээлге жеткенин билдирди. Бул тууралуу Казинформ маалымдады.
Расмий маалыматка ылайык, январь-июнь айларында Японияга 21,5 миллион турист келген. Бул былтыркы жылы катталган 17,78 миллиондон, мурдагы рекорддон кыйла жогору көрсөткүч болуп эсептелет.
Июнь айында гана 3 миллион 380 миң чет элдик турист катталып, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,6%га көп. Туристтер эң көп Түштүк Корея жана Кытайдан келген.
Бирок, туристтердин мындай массалык агымы Япониянын айрым аймактарында ашкере туризмге алып келип, жергиликтүү калктын жашоо сапатына терс таасирин тийгизүүдө.
Бул маселени чечүү үчүн Япониянын өкмөтү жаңы кеңсе түзүп, жергиликтүүлөр менен чет элдик туристтердин ортосундагы пикир келишпестиктерди жөнгө салууга киришкен.
Ошол эле учурда Япониянын Туризм агенттиги апрель-июнь айларында чет элдик туристтер жалпы 2,5 триллион иен (болжол менен 16,8 миллиард доллар) коротконун маалымдаган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 18%га жогору. Орточо эсеп менен ар бир турист 239 миң иен сарптаган.
Эң көп каражат короткондордун катарында британиялыктар (444 миң иен), андан кийин италиялыктар (398 миң иен) жана немистер (396 миң иен) турат.