Япониядагы форум Борбор Азиянын экономикалык жактан өнүгүүсүнө абдан маанилүү

Пикир Загрузка... 19 Декабрь 2025 19:20
2022-09-17_09-58-21_747673.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.12.25. /Кабар/. “Борбор Азия + Япония” форуму Борбор Азия мамлекеттеринин экономикалык жактан өнүгүүсүнө абдан маанилүү. Бул тууралуу саясат таануучу Марс Сариев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 5+1 форматындагы жолугушуу алгачкы жолу Япония тарабынан демилгеленип, уюштурулган. Андан соң башка мамлекеттер: АКШ, Европа биримдиги, Германия, Кытай менен ушундай иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө.

Марс Сариев белгилегендей, бул формат ийгиликтүү чыгып, бир катар мамлекеттердин кызматташтыгын алдыга жылдыра алды. Ошол эле маалда Борбор Азия мамлекеттери өз ара алакасын арттырууга да өбөлгө түзүлдү.

“Азыр мына биз көрүп жаткандай, бул формат дагы да кеңейүүдө. Президент Садыр Жапаровдун жана башка Борбор Азия мамлекеттеринин өлкө башчыларынын иш сапарлары абдан маанилүү. Япония дүйнө экономикасынын локомотивдеринин бири болгондуктан Борбор Азияга экономикалык, саясий, маданий долбоорлорду сунуштоосу мүмкүн. Кыргызстан менен Япония бүгүнкү күндө гуманитардык багыттарда да эффективдүү иштерди жүргүзүп келет. Экономика багытында Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) жакшы иштеп жатат. Мындан улам Борбор Азиянын башка мамлекеттери да Япония менен кызматташууга өзгөчө маани берип жатышат деп ойлойм”, - деди саясат таануучу.